Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып, тарап кетүүнү сунуштады

04.04.2024 13:04
219
Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып, тарап кетүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып кетүүнү сунуштады.


Бүгүн парламентке министрлер кабинети толук курамы менен келип, беш министр доклад жасаган. Түмөнбаев транспорт министри менен айыл чарба министри да маалымат бериши керектигин айтты эле, кесиптештери колдобой койду.


"Элдин көйгөйүн уккуңар келбесе, анда депутаттар мандатыбызды тапшырып кетели. Мен 7-чакырылыштын тарап кетишин сунуш кылам. Элге уят болбой", — деди эл өкүлү.


Ошондой эл ал төраганы өкмөткө жардамчы болуп депутаттарды тыя бербөөгө чакырды.


Ортодогу талаш-тартыштан кийин Түмөнбаевдин сунушу кайрадан добушка коюлуп, эки министр доклад жасады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн