Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Акылбек Түмөнбаевди улай Балбак Түлөбаев президентти айланасын тазалоого чакырды

03.02.2022 11:02
647
Акылбек Түмөнбаевди улай Балбак Түлөбаев президентти айланасын тазалоого чакырды

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, айланасын тазалоого чакырды.


Анын айтымында, президенттин жанында жүргөн айрым кадрлар зыянын тийгизе баштаган.


«Президенттин өкмөтүн коргоп жатып, мага «пахтакор» деген ат коюшту. Туурасын жазып, «өкмөттүн жакшы иштерин жазганым үчүн пахтакор болдум, бирок мен ага терикпейм. Эл кандай ат койсо ошого татыктуубуз. Эми дайындалгандар шайлангандарды сындайбы? Ар ким өзүнүн ордун билиш керек. Президенттин айланасындагы кадрлар президентке зыянын бере башташты. Буларды тазалаш керек. 


Урматтуу Садыр Нургожоевич, айланаңыздагы кээ бир министрлерди иштен айдаңыз. Мына Акылбек Түмөнбаев да ушуну айтып жатат. Бул маселени караганга убакыт келди» , — деди Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн