Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Усупбаев: “Урология кызматы абдан оор акыбалга туш келип, бейтаптар жардамсыз калды”

09.07.2021 17:53
1110
Акылбек Усупбаев: “Урология кызматы абдан оор акыбалга туш келип, бейтаптар жардамсыз калды”


- Коронавирустун урологиялык ооруларга, тукумсуздукка таасири тууралуу изилдөөлөр жүрүп жатабы? 


- Андай изилдөөлөр бизде жүргүзүлгөн жок. Акыркы бир жылдын ичинде биздин урология борбору иштебей, үч жолу “кызыл зонага” жабылып атты. Үч айдан. Биздин урологдор инфекционист болушуп, “кызыл зонада” иштеп жатышат.

Урология кызматы абдан оор акыбалга туш келди, биздин бейтаптар убактысында жардам ала албай, жеке менчик медициналык борборлорго барып жатышат. Колунда барлар барат, жокторго Кудай өзү жардам берүүдө. Кыскасы, урологиялык оорулары бар адамдарды биз жардамсыз калтырдык. Ошон үчүн өкмөт Ганси (Семетей) клиниканы жакшылап ачып дарылашса болмок. Балким, бир жаңы инфекциялык клиника шаардын сыртына куруп коюшса болмок.  Контейнерден эмес талаптагыдай клиника бир жарым жылдын ичинде курса болот да. Башка мамлекеттер бир айдын ичинде куруп жатпайбы. Башка күчөгөн дарттарды дарылай албай жатып, ковиддин таасири тууралуу сөз кылуу али эрте. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезии

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн