Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жамангулов кызматынан кеткени боюнча эмне деди?

16.03.2021 14:19
990
Акылбек Жамангулов кызматынан кеткени боюнча эмне деди?

«Мегаком» компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов башка кызматка кеткендигин кабарлады.Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал аталган компанияда ишмердүүлүгүн аяктагандыгына байланыштуу, бирге ишткешкен топко ыраазычылыгын айтты.


"Биз көптөгөн кызыктуу долбоорлорду ишке ашырдык, ар дайым сунуштарды жана сын-пикирлерди угуп, бардык заманбап өнүгүүлөрдү жумушту өркүндөтүүгө жумшадык. Кээде кыйынчылыктар жана стресстик кырдаалдар келип чыккандыгына карабастан, бири-бирибизди колдоп, аларды жеңип, жакшы натыйжаларды берип келдик. Мен биротоло коштошпойм, мындан ары да жигердүү иштеп, Кыргызстандын жыргалчылыгына өз салымымды кошом. Баардыгына мындан аркы ийгиликтерди, чоң жеңиштерди жана улуу пландарды каалайм", -деп жазды Жамангулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн