Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров 13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу үн катты

06.07.2022 12:38
407
Акылбек Жапаров 13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу үн катты


Министрлер кабинетинин башчысы 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген милиция кызматкерлеринин оор кылмышына реакция жасады.


Кечээ "Дасмия" ресторанында Акылбек Жапаров айрым журналисттер жана блогерлер менен жолугуп, чуулуу кылмыш иши боюнча суроого жооп берди.


Аткаминердин айтымында, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери колунан келгендин баарын жасап жатышканын, бирок кылмыш кылгандардын катарында тартип сакчылары бар экенин белгиледи.


«Милиция кызматкерлеринин арасында тиги жаныбарларга окшогондор бар экен. Кезинде демократиялык мамлекет болуш үчүн өлүм жазасы алынып салынганда мен каршы болуп, А.Акаевге кайрылгам. Мындай нерселерди кечирүү мүмкүн эмес», - деди министрлер кабинетинин башчысы.


Ал күч түзүмдөрү менен бирге зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен иш күчөтүлөөрүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн