Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров 20-декабрга чейин Баткенде 150 үйдүн курулушу бүтөрүн убадалады

08.12.2022 16:24
335
Акылбек Жапаров 20-декабрга чейин Баткенде 150 үйдүн курулушу бүтөрүн убадалады

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралган болсо, учурда анын 1 млрд сому бөлүнүп берилгенин билдирди. Ал эми 150 үй 20-декабрга чейин курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылат.

«Баткен облусунун чек ара аймактарында жабыркаган үйлөрдү «Аманат» курулуш компаниясы куруп жатат. Ал 31 субподрядчы компаниянын алган. 20-декабрга чейин 150 үйдүн курулушу бүтүп,  жашоочулар көчүп кирет. Калгандарын улам бүткөн сайын элдер кире берет.  Курулушуна 1 млрд сом бөлүнүп берилген, керек болсо дагы бөлөбүз», — деди Жапаров.

Курулуштун жүрүшүн Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн