Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: 2026-жылы электр энергиясын экспорттой баштайбыз

15.12.2023 16:37
403
Акылбек Жапаров: 2026-жылы электр энергиясын экспорттой баштайбыз


2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз. Бул тууралуу Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында 2023-жылы ар бири 71 МВт болгон 5 кичи ГЭС, 5 күн электр станциясы, Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилген. 2024-жылы кубаттуулук 178 МВтка көбөйөт, тактап айтканда, 25 кичи ГЭС жана Токтогул ГЭСинин дагы бир гидроагрегаты ишке киргизилет. Келерки жылы кубаттуулугу 700 МВт болгон күн электр станциялары ишке киргизилет, Талас районундагы кубаттуулугу 5 МВт болгон Бала-Саруу ГЭСи. Ошондой эле 2024-жылы 300 миң жерге АСКУЭ эсептегичтери орнотулат, бул энергиянын жоготууларын азайтат.

Министрлер Еабинетинин башчысы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

«Камбарата ГЭС-1 боюнча даярдык иштери аяктап жатат: тоннелдер, жолдор, линиялар. Курулуштун биринчи фазасы боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казарман, Көкөмерен, Чаткал каскаддарын жана 500 киловольт кубаттуулуктагы Кемин-Торугарт линиясын долбоорлоо башталат. 2024-жылы кыргыз бөлүгүндө CASA-1000 долбоору боюнча иштер аяктайт. 2 жылдан кийин Куланак ГЭСи иштей баштайт. 2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн