Министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВт ашуун гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады. Бул туурасында «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын трансформациялоо» форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Министрлер кабинети тарабынан энергетика тутумун туруктуу өнүктүрүүнү кайра куруу жана камсыздоо боюнча бир катар реформалар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, энергетикалык компанияларды ирилештирүү жана алардын ишин оптималдаштыруу боюнча түзүмдүк реформалар башталды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жарандарды колдоого алууну эске алуу менен электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынды, электр энергиясын иштеп чыгаруунун кубаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн көмүртектүү нейтралдуулугу боюнча максаттарга жетишүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлүүдө.
«Жакын арада Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Суу сактагычтын көлөмү дагы 6 млрд кубометрге чейин көбөйөт. Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1,5 эсе көп өндүрөт. Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталып, анын курулушуна бюджеттен каражат бөлүнгөн. Ошондой эле бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк тобу менен Ысык-Көл облусунда болжолдуу түрдө кубаттуулугу 100 МВт келген пилоттук күн долбоорун биргелешип ишке ашыруу маселеси боюнча тыгыз иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашырылбай турат. Бул потенциалды өздөштүрүү максатында 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор аныкталган», - деди Акылбек Жапаров.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, стратегиянын долбоорунда сунушталган реформаларды жана артыкчылыктуу инвестицияларды ишке ашыруу үчүн 2030-жылга чейин болжол менен 14 млрд доллар талап кылынат», - деди ал.
Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана потенциалдуу инвесторлорду Министрлер Кабинетинин пландарын биргелешип ишке ашырууга чакырып, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө толук даяр экендигин белгиледи.
Ал пландаштырылган реформаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жыйынтыгы боюнча кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте энергетикалык тармактын натыйжалуу ыкчам башкаруусу камсыздалып, 2026-жылга карата 100 МВт кичи жана орто ГЭС, анын ичинде “Жашыл миллиард” программасы боюнча 1 млрд кВтс энергия, 2030-жылга карата 700 МВт чейин күн долбоорлору ишке киргизилерине, 2030-жылга чейин энергетикалык ресурстарга экономикалык жактан негизделген жана ачык-айкын тарифтерди белгилөө камсыз кылынаарына, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөсүндө кеминде 5000 жаңы жумуш орду түзүлө тургандыгына ишеним билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн