Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында ирригациялык системаларды пайдалануу жана каналдарды тазалоо, оңдоо маселеси талкууланды.
"Кыргызстандагы бардык ирригациялык системалар жана каналдар 8-мартка чейин даяр болуп, тазаланышы керек. Ар бир аким сугат мезгилине өзүнүн конкреттүү планы менен даяр турушу керек. Алар Айыл чарба министрлиги менен тыгыз иштешип бирдиктүү пландарын бекитүүгө тийиш",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн