Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров Абу-Дабидеги экошаарчага барды

14.12.2021 14:23
706
Акылбек Жапаров Абу-Дабидеги экошаарчага барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» жогорку технологиялык экошаарчасына барды.


Министрлер кабинетинин башчысы шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген экошаардын иши менен таанышты, анда жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, электромобилдердин иши жана жогорку технологияларды өнүктүрүү долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду.


«Masdar City» долбоору күн энергиясы жана башка кайра жаралуучу энергия булактары менен камсыздалган шаардын курулушун, ошондой эле абага көмүр кычкыл газын минималдуу чыгаруу менен туруктуу энергетикалык чөйрөнү, шаардык таштандыларды толугу менен кайра иштетүү системасын камтыйт.


Акылбек Жапаров эко-шаарга болгон сапарынын жүрүшүндө чет мамлекеттердин алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларын колдонууну эске алуу менен жашыл экономика демилгелерин жана долбоорлорун иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан жакын арада электр энергиясын, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга киришүү милдети коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн