Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров Аравандагы цемент заводуна барды (фото)

18.01.2023 10:58
347
Акылбек Жапаров Аравандагы цемент заводуна барды (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Араван районундагы цемент заводуна барды.  


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 2500-3000 тоннаны түзөт, ал толугу менен автоматташтырылган, калдыксыз иштеп, 500дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылат.


2022-жылдын октябрь айында заводдун аймагында акиташ өндүрүүчү цех курулган, учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 300 тоннаны түзөт. Цех 50 адамды иш менен камсыздайт.


Акылбек Жапаров мындай ишканалар облустун гана эмес, жалпы өлкө экономикасынын динамикалуу өнүгүшү үчүн зарыл экендигин белгиледи.


«Продукцияны сатуунун жаңы рынокторун өздөштүрүү үчүн жаңы талаптарды эске алуу менен заводдун технологиялык жабдууларын өркүндөтүү чоң мааниге ээ. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн