Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Аскар Акаевдин айыптоосуна жооп берди

20.05.2021 12:43
916
Акылбек Жапаров Аскар Акаевдин айыптоосуна жооп берди

"Биз 2009-жылкы келишимди коргогон жокпуз. 2009-жылы бизде кенди өзүбүзгө алып ала турган толук мүмкүнчүлүк бар болчу деп айттык. Аскар Акаевдин айткандарына комментарий бергеним туура эмес го. Ал улуу киши. Ал кишинин айткандарын угуп, ошол жылдары мен президент болгондой сезилип кетти", - деди "Кумтөр" боюнча комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров.


Мурдагы президент Аскар Акаев маек берип жатып, "Кумтөргө" байланыштуу айыптоолор боюнча "биринчи күнөөкөр Акылбек Жапаров" деп атаган. "Жапаровдун максаты коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюшу керек болуп жатат. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров "Кумтөрдүн" тегерегиндеги чоң адис, ал башынан эле экономист катары бардык комиссияларга катышып келген. Ал жерде Жапаровдун жеке кызыкчылыгы да болгон болушу керек. 2003-жылдагы комиссияда ошондо да мамлекеттик комиссия түзүлүп, андагы комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири Жапаров болгон", - деген ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн