Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: “Аскерлердин айлыгы көтөрүлдү, Баткенде кызмат кылгандардын 1 жылы 2 жыл деп эсептелет”

19.10.2022 15:46
685
Акылбек Жапаров: “Аскерлердин айлыгы көтөрүлдү, Баткенде кызмат кылгандардын 1 жылы 2 жыл деп эсептелет”

Аскерлердин айлыгы көтөрүлдү, Баткенде кызмат кылгандардын 1 жылы 2 жыл деп эсептелет.Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин отурумуна катышып, маалымат берди. 



“Баткен окуялары ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн өттү. Биринчи эле күндөрдөн вицелер, министрлер, Администрациянын кызматкерлери ошол жерде болушту. Президент бир күн дагы Баткенди эсинен чыгарган жок. Садыр Нургожоевич ООНдун дүйнөлүк бийик трибунасынан агрессиялык баскынчылык согушту айтып чыкты. Мамлекеттик комиссияны түздү. Анын 1-отурумун өзүм Баткенде өткөрдүм, дагы барабыз”-дейт ал. 






Акылбек Жапаров ошол күндөрү эмне кылганы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду. 




“Керектүү күчтөрдү жана каражаттарды переброска кылдык: курал жарактарды, техникаларды, ок-дарыларды, өздүк курамды, күйүүчү майларды, дары-дармектерди, азык-түлүктү жеткирдик. 


 136 миңден ашык жараныбыз жер которууга мажбур болду. Басымдуу бөлүгү өздөрүнүн унаалары менен кетишти, МЧСтен ар бир айылдарга мурда даярдалган бензин жана унаалар бар болчу, ошолор менен да кетишти. Андан тышкары Тез жет, Аэрономод авиакомпаниялары рейстерин көбөйтүп, кишилерди ташууга жардам беришти. Аларга учурдан пайдаланып рахматыбызды айтып кетем. Жарандык коомдун гуманитардык жардамы чоң болду. Жер которгон элдин басымдуу бөлүгүн багууга гуманитардык жардам, Матрезервден алынган баалуулуктар пайдаланылды жана жергиликтүү бийлик жардам берди”-деп белгиледи Минкаб Төрагасы.






Тажик агрессиясынан мамлекет тарткан зыяны боюнча маалымат айтылды. 




“Адам ресурстары жагынан: 63 жаран ок атышуудан каза болду, 12 адам жол кырсыгынан каза болду, 206 адам жаракат алды. Материалдык жактан: 661 турак үй жабыркаган, анын ичинен 423 үй таптакыр талкаланган. 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа, 1 көпүрө жабыркаган. Жарандык коргонуу комиссиясынын берген аныктамасы боюнча 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян тарттык”-дейт ал.






Акылбек Жапаров бул окуядан кийин бийлик жыйынтык чыгарганын кошумчалады. 






“Баткендеги аскер күчтөрүн күчтөп жатабыз. Жергиликтүү калкты өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Анын негизинде элдин коргонууга даярдыгы, ыкчамдыгы күчөтүлөт. Айрым депутаттар чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Курал жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат, колдоп бересиздер деп ойлойбуз. Мектептерде аскерге чейинки даярдык сабактарын киргизип, балдарыбыздын даярдыгын күчөтөбүз. НВП кабинеттерин жоготуп жиберүү – бул биздин эң чоң каталарыбыздын бири болгон. Бул катаны биз оңдойбуз. Тез аранын ичинде аскерлердин айлыктарын көтөрүү чечимин кабыл алдык, бул болжол менен 2,7 млрд сомду түздү. Баткенде кызмат кылгандардын бир жылы 2 жыл деп эсептелет. Техниканы күчтөөгө каражаттарды бөлүп жатабыз”-деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн