Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Аты-жөнүн билбесек фейктер менен кантип күрөшөбүз?

25.06.2020 13:51
1552
Акылбек Жапаров: Аты-жөнүн билбесек фейктер менен кантип күрөшөбүз?


Маалыматтын ушак же ушак эмес экенин сот гана аныкташ керек. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 25-июнда парламент жыйынында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда өзүнүн сунуштарын билдирип жатып айтты.


Атамбаев тууралуу акыркы убактарда жаман сөздөр көп айтылып калды, бирок бир жакшы жерин айтып коёюн. Сары пресса такыр ооздукталбай койгондо, ал киши айткан: “Исламда ушак айткан киши бир тууганынын этин жегенге барабар” деп. Ошондон кийин ооздукталган. Ушак деп биз эмнени айтабыз? Кайдан тараганын, ким айтканын билбесек ошол ушак”, - деди депутат.


Акылбек Жапаров белгилегендей, эгерде өзүнүн атын атап, каалаган оюн айтса, каалаган жерге жазса дагы Конституция менен анын укугу корголот. Керек болсо ар-намыска тийишсе кылмыш иши козголбойт, бирок ага айып пул салса, аны менен күрөшсө болот. Сотко берип, ар-намысын коргой алат.


Бирок фейктерге чектөө коёбуз деп атабыз, анын аты-жөнүн билбесек кантип күрөшөбүз? Эгерде чындыкты айтып, чыркырап күрөшөм дегендер өзүнүн аты-жөнүн, фамилиясын айтып күрөшүп жүргөн омбудсмендер, укук коргоочулар жана журналисттердин бардыгын колдойбуз. Өзүнүн аты-жөнү жок оюна келгенди айтып, жазып коюп жата берсе болбойт. Экинчиден, сайттын жоопкерчиги тууралуу айта турган болсок, Фейсбук саясий реклама чыгарса 15 секундда, порнография чыгарылса 1 секундда жоголот. Ушундай программалык камсыздоо болуп, сайттардын жоопкерчилиги каралып жатат. Бирок сотко чейин бул ушак же ушак эмес деп алдын ала аныктап койгон туура эмес, арыз келип түшкөндөн баштап бул жагын сотко коюш керек”, - деген оюн айтты Жапаров.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн