Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлүн кабыл алды

30.05.2023 08:32
262
Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайаны кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга өнөктөштүк стратегиясынын долбоорун талкуулашты.


Бул контекстте Акылбек Жапаров эффективдүү кызматташууга жетишүү үчүн “АӨБ долбоорлору өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары менен байланыштырылышы керек” деп белгиледи.


Тараптар ошондой эле социалдык чөйрөдөгү, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты.


Белгилүү болгондой, билим берүү тармагындагы долбоорлор предметтик билим берүү стандарттарын жаңыртуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, 53 инновациялык мектепти оңдоо жана жабдуу аркылуу мектеп билиминин сапатын жогорулатууга багытталган.


Жолугушуунун соңунда тараптар эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн