Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров Бахрейндин делегациясы менен жолугушту

18.11.2021 15:40
982
Акылбек Жапаров Бахрейндин делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Рияда Групп" компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Акылбек Жапаров белгилегендей, Бахрейн королчулугу менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар, ал эми өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүгү бар.


Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат жана ал ата мекендик экономикага инвестициялоого чакырды.


"Riyada Group" компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа туризм, фармацевтика, финансы, блокчейн-технологияларды пайдалануу тармагында кызматташтыкты жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.


"Riyada Group" башчысы маалымдагандай, компания дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө тутумун илгерилетүүнү сунуштайт, бул республика аймагында фармацевтикалык дармектердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөнү жөнгө салууга мүмкүндүк берет.


Аталган тутумдун ишке киргизилиши өлкөдө рыноктогу фармацевтикалык препараттардын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындыгын камсыздоого жана жасалма дармектердин киргизилишин толугу менен четтетүүгө мүмкүндүк берет.


Мындан тышкары, тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттык сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн