Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 10:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Акылбек Жапаров Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты

22.02.2022 08:50
767
Акылбек Жапаров Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Министрлер кабинетинин башчысына аскердик техника жана аскер кийимдери көрсөтүлдү.


Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы жоокерлерге кайратман кызмат өтөөсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Ардак грамоталарды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын энчилүү сааттарын тапшырды. 


Күндүн соңунда Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда 2022-жылга карата милдеттер жана пландар белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн