Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров: “Баткенде 250 кредит кечирилди, анын ичинде тоок ферманын ээси алган насыя дагы бар”

19.10.2022 16:02
1235
Акылбек Жапаров: “Баткенде 250 кредит кечирилди, анын ичинде тоок ферманын ээси алган насыя дагы бар”





“Банктар кредиттер боюнча иштеп жатат. Биздин финансылык институттарга жабыр тарткан ишкерлерге, элге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча тапшырмалар берилди. Азырынча: 250 кредит кечирилди (13,5 млн сомов списано). 13 кредит реструктуризацияланды (2,5 сом), жумуштар улантылып жатат”,-дейт Акылбек Жапаров, бүгүн 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип жатып.



“Ак-Сай айылынын четинде бир кичинекей тооккананы миллиондук чоң ишканага айландырган ишкердин каза болгонун билесиздер. Анын банктагы бардык карызын кечтик – дээрлик 9 млн сомго жакын каражат экен. Ал жерди өзүм барып көрдүм. Ферманы калыбына келтирип, аны дагы кеңейтүүгө (кормцех) акчалай жактан жардам берүүгө убадамды берип келгем – берем. “Атаңдын ишин улагын!”, – деп уулунун колун бекем кыскам. Менин жеке контролумда болот”-дейт Минкаб төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн