Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Акылбек Жапаров Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалын тик учак менен көрүп чыкты

21.02.2023 15:40
321
Акылбек Жапаров Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалын тик учак менен көрүп чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Белгилей кетсек, 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болуучу. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. 16-февралдан 20-февралга чейинки аралыкта 1 млн 222 750 м3 кар түшүрүлгөн. 21-февраль күнү саат 09.30га карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталган. Ошол себептүү убактылуу жабылган, кайрадан саат 18.00дө унаа кыймылы үчүн жолду ачуу пландалууда.


Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында министрлер кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча жыйын өткөрдү.


Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү жана жолду тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.


Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл чараларды өз убагында жана ыкчам көрүшкөнүн белгиледи.


Анын айтымында, өлкө президентинин тапшырмасы менен быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 млрд сом бөлүнгөн жана ал Нарын облусуна дагы берилет. Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.


Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда.


Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн