Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:44
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров: Бишкек ЖЭБди газга өткөрүүнү пландап жатабыз

25.04.2023 13:12
284
Акылбек Жапаров: Бишкек ЖЭБди газга өткөрүүнү пландап жатабыз

Министрлер кабинети Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүүнү карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Түтүн менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору" аталышындагы тегерек столдо билдирди.


Анын айтымында, борбор калаада экологиялык абалды жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарды кабыл алуу керек, анткени экология түздөн-түз калктын ден соолугуна таасир этүудө.


"Азыр биз ЖЭБди газга өткөрүүнүн баасын эсептеп жатабыз. Севеттер мезгилинде ал газ менен ийгиликтүү иштеп келген жана биз отканаларыбызды энергиянын альтернативдүү булактарына өткөрүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна ишенебиз", - деди Жапаров.


Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы экологиялык абалга таасир эткен Бишкектеги транспорт көйгөйүнө токтолду. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн жыл аягына чейин Бишкекке газ же электр энергиясы менен жүргөн 380 автобус келерин айтты.


"Ошондой эле Кытайдан дагы 1000 автобустун келиши күтүлүүдө, алардын көбү газ менен, бир аз бөлүгү электр энергиясы менен жүрөт", - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн