Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Бишкек үч жылдан кийин таанылгыс өзгөрөт

13.06.2024 14:35
273
Акылбек Жапаров: Бишкек үч жылдан кийин таанылгыс өзгөрөт


Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолду.


«Шаардын бардык жеринде каражат жетишсиз болуп турганда, кошулган айылдарды жарыктандырууну, таштандыларды чыгарууну, тазалоону, көрктөндүрүү иштерин кантип камсыздайсыңар?» — деп сурады депутат Дастан Бекешев.


Ал эми министрлер кабинетинин башчысы 1 миллиард сомго муниципалдык техника, дагы 1 миллиард сомго жол куруу техникалары алынганын айтты.


«Бишкектин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң келечеги бар. Биз бул багытта жардам беребиз. Бишкек борбор шаар болушу керек, үч жылдын ичинде шаарга кирген бардык айыл өкмөттөр менен бирге өзүнүн көрүнүшүн өзгөртөт», - деп ишендирди ал.


Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш биринчи окууда административдик-аймактык реформа жаатындагы бир катар ченемдик укуктук актыларды кабыл алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн