Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы Бишкекке 2000 автобус алып келинерин убадалады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Беларустун жана Казакстандын премьер-министрлери менен сүйлөшүп, 1000ден автобус алууга макулдашканын айтты.
“Бирок биз эки тарапты тең канааттандыра турган каржылык моделди таба албай жатканбыз. Бүгүн Беларусь рубли жана теңге менен сатууга даярдыгын айтышты. Анан чоң камсыздандыруу компаниясынын жоктугуна байланыштуу кыргыз тараптан маселе чечилбей жатат. Алар бул маселени да чечүүгө даяр. Кийинки жылы 2000 автобус алып келинет. Негизи шаардын муктаждыгын чечүүгө 1700 автобус керек”, — деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн