Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Быйыл 2,5 млрд сомго атайын техникалар алынат

21.02.2023 16:37
287
Акылбек Жапаров: Быйыл 2,5 млрд сомго атайын техникалар алынат

Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, бул жылы атайын техника сатып алууга 2,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Ал белгилегендей, жаңы техникалар Нарын облусунун түзүмдүк бөлүмдөрүнө дагы бөлүнөт.

Эскерте кетсек, кар көчкү түшүүсүнө байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын техникалар иштөөдө жана унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилип жатат. 16-20-февраль аралыгында 1 млн 22 миң 750 метр куб кар түшүрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн