Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров: Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз

01.07.2022 10:23
555
Акылбек Жапаров: Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз


Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз. Майлуу-Суудагы лампа заводун кайтарып, аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомго бизнес-долбоорду бекиттик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле батыштан чыгышка цивилизациялык жылышуу болуп жатканын, экономикалык борбор Азия континентине өтүп жатканын кошумчалады.

"Эгерде Европага терезе жабылса, биз Азиянын дарбазасын ачууга даярбыз. Кыргызстан 3 кубаттуу цивилизациянын: Россия аркылуу Европанын, миңдеген калкы бар Кытайдын жана Ислам өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өлкө. Биз батыш цивилизациясын эстен чыгарбашыбыз керек, ал бизди узак убакыт бою молчулук, мыйзамдуулук жана тартип аркылуу кызыктырып келет. Биз өзүбүздүн саясатыбызды улуттук кызыкчылыкка негиздейбиз", - деди Акылбек Жапаров жана борбору Жалал-Абад шаарында жайгашкан өнүгүүнүн таяныч пунктун – экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн