Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:03
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Биздин келечегибиз – билимдүү жана сергек жашоо мүнөзүн күткөн жаштар

10.06.2022 15:13
394
Акылбек Жапаров: Биздин келечегибиз – билимдүү жана сергек жашоо мүнөзүн күткөн жаштар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине катышты Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти буга чейин социалдык объектилерди куруунун көлөмүн бир кыйла көбөйтүү милдетин койгон.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


«Спорт – бул ден соолук. Билимдүү, спорт менен алектенип, сергек жашоо мүнөзүн күткөн жаштар - биздин келечегибиз. Бүгүн биз жаңы спорт комплексин ачып жатабыз, анын курулушуна республикалык бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөн. Заманбап талаптарга жооп берген бул спорт зал айыл тургундарына мыкты пайда алып келүүсүн каалайм. Спорт комплекси айыл тургундарынын спорт менен машыгуусуна жана ден соолуктарын чыңдоосуна жакшы шарттарды түзөт», - деди Акылбек Жапаров. 


Ал жаш спортчуларга бийик жеңиштерге жетишүүдө зор ийгиликтерди каалады.


Белгилей кетсек, эки кабаттуу спорт комплексинде 3 спорт зал, душ жана жеке буюмдарды сактоочу бөлмөлөр бар.


Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Интернационал жана Бозбармак айылдарындагы тышкы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Акылбек Жапаров узундугу 38,4 чакырымды түзгөн объектидеги курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн