Келечекте глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу жогорулоонун үстүндө болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токио (Япония) шаарында өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Төмөндө Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүнүн негизги тезистерин келтиребиз:
«Бүгүн биз Туруктуу өнүгүү максаттарын, жашыл экономиканы жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүү коркунуч алдында турган “кризистен кийинки кризис” мезгилине күбө болуудабыз. Биздин дүйнө, өлкөбүз глобалдык кайра түзүүлөрдүн жана кайра куруулардын босогосунда турат. Дүйнөлүк экономиканын тең салмактуулугунун өзгөрүшү анын «тартылуу борборунун» батыштан түштүк-чыгыш Азияга жылышына алып келүүдө.
Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча номиналдык ИДП көлөмү боюнча Азия дүйнөдөгү экономикалык лидер болуп калды. Азиянын соода жүгүртүү аймагы Америка Кошмо Штаттарынын тышкы соода катышынан алда канча алдыга кетип баштады. Регион динамикалуу өнүгүп жатат жана олуттуу адамдык жана жаратылыш ресурстарына ээ. Дүйнө калкынын 60%тен ашыгы Азияда жашайт. Дүйнөдөгү 30 ири шаардын 21и ушул континентте жайгашкан.
Мындан туура эки жума мурун жер шарынын калкынын саны 8 млрд адамга жеткен. БУУ маалыматы боюнча, бул көрсөткүч Азия чөлкөмүнүн өсүү динамикасына жараша жетишилген.
Аталган жалпы көрсөткүчтө Борбор Азиянын стратегиялык ролу жана мааниси өсүүдө. Бүгүнкү күндө Борбор Азия дүйнөлүк рынокто периферия катары эсептелбейт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмү 347 млрд АКШ долларын түзөт. Анын региондук жана дүйнөлүк экономикадагы ролу бир топ жогорулады. Акыркы 20 жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 7,5 эсеге өсүп, орточо өсүү темпи 6,2% түздү. Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнөн жогору, ал эми жалпы дүйнөлүк экономикага салыштырмалуу өсүү 2 эседен ашык.
Мен Борбордук Азиянын дүйнөлүк рынокто ролу жогорулай берет деп ишенем: соода жолдору жана товарларды жеткирүү түйүндөрү биздин аймакка жылууда. Азыртадан эле Борбор Азия аркылуу өтүүчү кургактык жана темир жол каттамдары жагымдуу болуп, ал эми батышка жүк жеткирүү арзан жана ыкчам болуп бара жатат.
Мындай шарттарда Борбор Азия өлкөлөрү, атап айтканда, Кыргыз Республикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Өнүгүүнүн жаңы айлампасына ээ болуу үчүн инфраструктуралык интеграцияны жүргүзүү зарыл. Бизге окшогон деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн авто жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Бизди башка өлкөлөр менен байланыштырган жана экономикабызды дүйнөлүк жеткирүү чынжырына интеграциялоого мүмкүндүк берүүчү жаңы темир жол каттамдары керек. Алсак, жакын арада «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталат, анын наркы учурда 6 млрд АКШ долларына бааланууда.
Климаттын өзгөрүшү, калктын көбөйүшү жана планетанын экономикасы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча коюуда. Бул жагынан алганда Борбор Азия чөлкөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булагы катары эбегейсиз зор потенциал бар. Учурда колдогу гидроэнергетикалык потенциалдын 10%га жакынын пайдаланып жатабыз. Ушуну эске алуу менен Кыргыз Республикасында жана жалпысынан региондо гидроэнергетиканы өнүктүрүү келечеги абдан маанилүү.
Борбордук Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасы жапон инвестициясы үчүн кызыкчылык туудурган багыттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштайт. Мен жапон өнөктөштөрүн Кыргызстандын экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырам, эске салсак, Кыргыз Республикасында 52,9% акциясы «Sawada Holdings Co. Ltd» жапон ачык клмпаниясына таандык болгон коммерциялык банк иштеп жатат.
Мен ошондой эле форумдун катышуучулары менен өзүмдүн жеке тажрыйбамдан алган байкоом менен бөлүшкүм келет: узак мөөнөттүү жана албетте, өз ара пайдалуу кызматташуу менен бирге Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жапон инвестициясынан негизги утуш ишенимдүүлүк болот. Бул, балким, бүгүнкү күндөгү эң керектүү нерсе».
Белгилей кетсек, Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасына өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн