Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров: Чет өлкөгө мамлекеттик сапар менен барган кызматкерлер "конок" болуп кайтып келбеши керек

01.02.2023 17:05
369
Акылбек Жапаров: Чет өлкөгө мамлекеттик сапар менен барган кызматкерлер "конок" болуп кайтып келбеши керек

Президенттин Администрациясынын коллегиясында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин чет элдик иш сапарлары боюнча маселеге токтолду.



Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөгө болгон сапарында коротулган ар бир тыйын боюнча жооп бериш керек.


"Мамлекеттик кызматкерлер ар бир иш сапардын жыйынтыгында иш сапардын натыйжалуулугу боюнча отчет бериш керек. Биз тараптан каржыланып жатса коротулган ар бир тыйынга чейин жооп бериш керек. Финансы жана Тышкы иштер министрлигинде маалымат болуш керек. Бул багытта биздин көрсөткүч жакшы эмес.

Ал эми экинчи тарап чыгымды көтөрсө жөн эле конок болуп келбей инвестиция тартып келиш керек",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн