Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

20.06.2022 13:30
929
Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь Республикасы) учуп кетти.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн