Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров ЕРӨБнын президенти менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлду

29.11.2023 09:40
222
Акылбек Жапаров ЕРӨБнын президенти менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлду


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү экенин, Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттарында олуттуу колдоо көрсөтүп келгенин билдирди.

“Кыргыз Республикасынын экономикалык саясаты бүгүнкү күндө стратегиялык маселелерди чечүүгө багытталган.

Пландаштырылган реформаларды ишке ашыруу, анын негизги максаты чарбалык субъекттерди колдоо, түз инвестицияларды тартуу жана экспорттун көлөмүн олуттуу көбөйтүү аркылуу экономикалык өсүштү тездетүү, энергетика жана транспорт инфраструктурасы чөйрөсүндө ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо эки тараптуу кызматташуу мындан ары жемиштүү уланаарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

⁃ “Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо, ал Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин” (47,3 млн евро);

⁃ “Кыргыз Республикасынын электр камсыздоосун санариптештирүү” (14,63 млн евро);

⁃ “Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо” (8,5 млн евро).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн