Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:43
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Акылбек Жапаров Ереван шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

17.11.2021 18:08
2107
Акылбек Жапаров Ереван шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-19-ноябрда Ереван шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан жана Кубанын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылар бир канча маселелерди талкуулайт. Алар: ЕАЭБдин ички рыногундагы алып салууларды жана чектөөлөрдү четтетүү, 2021–2022-жылдарга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору, союздук өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы. Андан сырткары, булгаары, жүн сырьесу, зыгыр буласы жана пахта буласы боюнча талап-сунуштардын балансы маселелери, 2021–2024-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планы тууралуу кеп болот.

"Жыйындын алкагында ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну, Биологиялык коопсуздук стратегиясынын долбоору, электрондук соода маселелери, аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жол картасын бекитүү каралууда. 2024-жылга чейин өндүрүшү камсыз кылынууга тийиш болгон медициналык багыттагы стратегиялык маанилүү дары-дармек жана фармацевтикалык субстанциялар менен уюмдун өлкөлөрүн камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын да сүйлөшүшөт", — деп билдирди маалымат кызматы.

Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кредиттик тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө келишимге кол коюуну пландаштырууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн