Эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге билдирди.
Ал белгилегендей, ГЭСти куруу иштери Кыргызстандын өзүнүн каражатынан курулат.
"Президент Садыр Жапаровдун Кумтөрдөн кийинки максаттарынын бири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу. ГЭСти куруу иштеринин биринчи фазасындагы жумуштары эртең башталат. Алдыдагы 3 жыл аралыгында ГЭСтин плотинасын курууга чейинки жумуштар аткарылат. Башкаларга өз мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөтөбүз",- деди Акылбек Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн