Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияга дарылануу үчүн кетти. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров бүгүн, 3-майда учуп кеткен.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жапаров Бишкекте ооруканага түшкөнгө чейин эле Германияга барып дарыланууну пландаганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн