Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров «IT Park Uzbekistan» комплексине барды

09.03.2023 17:49
234
Акылбек Жапаров «IT Park Uzbekistan» комплексине барды

Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарындагы «IT Park Uzbekistan» комплексинин иши менен таанышты.


«IT Park Uzbekistan» директору Фарход Ибрагимов маалымдагандай, Өзбекстандагы алгачкы IT Park 2019-жылдын 24-июлунда ачылган.


Анын айтымында, «IT Park Uzbekistan» компаниясынын негизги максаты – рынокто келечектүү стартап-долбоорлорду ишке киргизүү жана илгерилетүү, анын ичинде илим жана билим берүү уюмдары менен интеграциялоо аркылуу IT-компаниялар үчүн эркин экономикалык аймакты түзүү.


«IT Park Uzbekistan» комплексине болгон сапардын жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы стартаптарды генерациялоо жана илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү боюнча Өзбекстан Республикасы топтогон тажрыйбаны жигердүү колдонуусу керектигин белгиледи.


«Келечек жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндөгү инновациялык технологияларга жана IT-чечимдерге таандык. Биз динамикалуу өнүгүп жаткан санариптик дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү болуп, дүйнөлүк тенденциялардан артта калбашыбыз керек», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн