Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Акылбек Жапаров Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун ишин сынга алды

25.01.2024 11:23
235
Акылбек Жапаров Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун ишин сынга алды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башчыларынын жана жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусунда өтүп жаткан жыйында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун ишин сынга алды.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымына караганда, фондго 2023-жылы 4 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бирок ал максаттуу жумшалган эмес. 

"Ыйгарым укуктуу өкүл акимдерге, акимдер айыл өкмөткө болуп уланып кете берген. Жыйынтыгында каражат Натыйжада, каражат максатсыз ар кандай майрамдарга эле которулуп кеткен", - деди ал. 

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындан ары аймактардагы өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери кварталдын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, акимдер менен администрация башчыларына пландаштырылган долбоорлор жана аткарылган иштер боюнча толук отчет бериши керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн