Кулжа 26, 2024
Убакыт: 12:50
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Акылбек Жапаров ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ боло албаганын сындады

06.05.2020 14:44
1359
Акылбек Жапаров ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ боло албаганын сындады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз эсебиндеги акчага өзү ээ болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар белгилешти.


Төраганын орун басары Аида Касымалиева Баткен облусунда төрт үй жабыркаса алардын бирөөсү гана камсыздандырылганын айтты. “Ошондуктан өкмөттүн жооптуу адистери барып үймө үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, - деди депутат.


ӨКМ үчүн бюджеттен жылына бөлүнгөн 100 млн сом кантип сарпталып жатканына эл өкүлү Акылбек Жапаров кызыкты. Министр Замирбек Аскаров ал каражат иштетиле электигин, 47 млн сом бөлүп берүү үчүн кат менен кайрылганын билдирди. Эл өкүлү Акылбек Жапаров ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ боло албаганын сынга алып, тез арада буйрукту өзгөртүү зарыл деп белгиледи.


Ал эми депутат Аалы Карашев Баткен облусу сыяктуу эле Өзгөн районундагы айылдарды дагы кылдат көзөмөлгө алып планга киргизип коюу сунушун берди. Себеби, депутаттын пикиринде аталган райондо дагы жаз айында көп учурда сел жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн