Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын тыгыз байланышта болууга чакырды

02.11.2022 09:15
438
Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын тыгыз байланышта болууга чакырды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференцбайланыш аркылуу өткөн жыйынына катышты.


Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө ШКУ динамикалуу өнүгүп келе жаткан трансрегионалдык уюм болуп калды, ал дүйнөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик чейрек бөлүгүн бириктирет.


«Акыркы үч жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук трансформация жана түп-тамырынан бери өзгөрүү мезгилин башынан кечирүүдө. Буга байланыштуу биздин өлкөлөр алдында ишкердик активдүүлүктү жана экономикалык байланыштарды тез арада калыбына келтирүү, соода тоскоолдуктарын жана чектөөлөрдү алып салуу, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү милдети турат», - деди Акылбек Жапаров жана Санариптик экономиканы өнүктүрүү программасынын өз учурунда бекитилиши ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда санариптик экономика тармагында практикалык кызматташууну жана тажрыйба алмашууну активдештирүүгө, ошондой эле региондун экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады.


Министрлер кабинетинин башчысы бир ай мурун ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн, анын жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай стратегиялык багыттары боюнча 40 ашуун документке кол коюлуп, жактырылгандыгын баса белгиледи.


«Самарканддагы саммиттин жүрүшүндө кабыл алынган чечимдерди жана документтерди иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүү маанилүү деп эсептейм. Уюмга кирген өлкөлөрдүн Эркин экономикалык аймактарына интеграцияланган ШКУ өлкөлөрүндө индустриалдык парктарды жана транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес-кызматташтык үчүн көп функционалдуу аянтчаларды түзүүгө биргелешкен көмөк көрсөтүү зарыл. Бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кытай-ШКУнун Регионалдык соода-экономикалык кызматташтыгынын көргөзмөлүү зонасынын дараметин пайдалануу да маанилүү», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы жана кыргыз тарап бир нече жолу Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү маселелерин тез арада чеүү зарылдыгын билдиргенин кошумчалады.


Соңунда Акылбек Жапаров ШКУнун жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл марафонун өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы 2022-жылдын ноябрынан тарта Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экенин белгиледи.


«Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуунун алкагында «Шанхай духунун» принциптерин кармануу менен биз бардык сунуштарга ачык болобуз жана биздин мамлекеттердин жана элдерибиздин бакубаттуулугу жана кызыкчылыгы үчүн биргелешкен өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн