Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 18 миллион доллар бөлүндү

07.06.2022 16:35
371
Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 18 миллион доллар бөлүндү

Учурда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү. Бул тууралуу "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди


Анын айтымында, эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилет.


“Учурда курулуш иштерине бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү. Биринчи этап 3-5 жылды талап кылат. Беш жылдан кийин 640 мегаватт кубаттулугунда ГЭСтин курулушу башталат”, - дейт ал.


Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерине даярдыктар толугу менен жүрүп жатканын айткан.


Эскерте кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн