Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын мааракесинде. Видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда

09.11.2023 14:26
345
Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын мааракесинде. Видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда


Социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго абдан окшош адам Камчы Көлбаевдин апасынын мааракеси менен куттуктап жаткан видео талкууга алынууда.


Мыйзамдагы ууру Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) жок кылынганга чейин эле тартылган кадрлардан жогорку даражалуу чиновник куттуктоо сөзүн айтып жатканы көрүнүп турат.


Кадрлар так качан тартылганы белгисиз. Ал эми дагы кайсы жогорку даражалуу аткаминерлер ал майрамда болгону да тактала элек.


Белгилей кетсек, 2018-жылы Камчыбек Асанбектин апасы Майя Алиева 70 жашка толду. Мааракеге карата криминалдык авторитет куттуктоолор менен видеотасма тартуулады. Ал 2023-жылы май айында 75 жашка толду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн