Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров Кара-Суудагы "Туратали" базарынын башчысын кызматтан алды

16.12.2021 15:41
1840
Акылбек Жапаров Кара-Суудагы "Туратали" базарынын башчысын кызматтан алды

Кара-Суу шаарындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын директору алмашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.


Аталган базар өлкөдөгү ири соода-сатык жайларынын бири, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында. Директор Манас Үсөновду кызматтан алууну Маммүлктүн жетекчиси Мирлан Бакиров сунуштаганы айтылды.


Сунуштаманы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жактырып, жумуштан бошотуу тууралуу чечимге кол койгон. Анын дагы бир чечими менен базардын директорлугуна Тынчтыкбек Батыркулов дайындалды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алыкулова Элмира
Эн туура.Жаны дайындалган базардын директору жакшы иштеп берсе.Товарлар кымбаттады,товар жок дешет баары эле.Кудайым баарыбызга сабыр берсин.Базарда салыкка кошулуп соцфонд,жер акы,свет баарына акча толошот соодагерлер,ошол акчалар бурмаланбай казынага тушсо.