Баш оона 29, 2024
Убакыт: 13:41
USD
85.00
85.50
EUR
94.10
95.10
RUB
0.915
0.960

Акылбек Жапаров Катардын элчисин кабыл алды

17.07.2024 19:46
236
Акылбек Жапаров Катардын элчисин кабыл алды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана медицина тармагындагы бейтапкана долбоорун ишке ашыруу сыяктуу бир катар эки тараптуу маселелерди сүйлөштү.

Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылы Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-катар мамилелеринде тарыхый саясий мааниси бар экенин белгиледи. Сапардын алкагында ондон ашуун документке кол коюлган, буга байланыштуу жетишилген бардык макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жай тармагында жана мамлекеттик социалдык долбоорлорду биргелешеип ишке ашырууну сунуштады.

Ал эми Катардын элчиси катар тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дайым умтуларын ырастады.

Сүйлөшүүнүн соңунда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Катардын элчисине Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн бул кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн