Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров Казакстандын Ыкчам башкаруу борборуна барды

08.12.2021 13:58
1151
Акылбек Жапаров Казакстандын Ыкчам башкаруу борборуна барды

Министрлер кабинетинин nөрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаал келип чыккан учурда жана аны чечүүдө зарыл болгон ыкчам маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана каттоого алуу жана аны талдоону автоматташтыруу болуп саналат (кылмыш, жол-транспорт кырсыктары).


Мекеменин иш процессине жогорку технологиялык жана жогорку интеллектуалдык чечимдер киргизилген, ал эми программалык камсыздоо –казакстандык адистердин эксклюзивдүү иштеп чыгуусу.


Бул тутумдун жардамы менен жалпы укук бузуулардын 60%ы аныкталып, ошондой эле 33 миңден ашуун укук бузуулар катталган.


«Акыркы убакта биз жарандардын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү санариптештирүү жана башка заманбап ыкмалар аркылуу чечүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Аталган борбор ар бир тургун өзүн толугу менен коопсуздукта сезиши үчүн олуттуу инструмент болуп саналат», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн