Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен болгон жолугушууга катышты

25.09.2023 19:49
279
Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен болгон жолугушууга катышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуу үчүн келген өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бирге Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.

Жолугушуу Касым-Жомарт Токаевдин жана делегация башчыларынын куттуктоосу менен башталды.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, соода-экономикалык мамилелерди жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү боюнча кызматташтыкты бекемдөө маселелерин кеңири талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн