Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

31.01.2024 11:57
234
Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат


Үстүбүздөгү жылдын 1-2-февралында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Алматы шаарына иш сапары менен барат.

Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана «Digital Almaty 2024: Industry X» эл аралык санарип форумуна катышат.

ЕӨАКтин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу тараптардын өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташуунун, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутуму жана башка актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн карашат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен бирге жыл сайын өтүүчү «Digital Almaty» санарип форумунун пленардык жыйынына катышат.

Форумга белгилүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, визиттин алкагында делегация башчыларынын, анын ичинде Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министринин Алихан Смаиловдун ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп кырдуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат жана бир катар маанилүү багыттар боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мөөнөттөрүнө көз салышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн