Кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө мындай жакын болгон эмеспиз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Коммерсант" басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, атайын комиссия күнү-түнү иштеп жатат.
"Кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө мындай жакын болгон эмеспиз. Анткени бүгүнкү күндө эки тараптын комиссиясы күнү-түнү иштеп жатат. Чек ара боюнча комиссияны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал дагы чек аранын батыраак чечилишине аракет кылууда",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн