Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров «Кыргызшампан» ишканасына барды

11.02.2022 19:09
482
Акылбек Жапаров «Кыргызшампан» ишканасына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Кыргызшампаны» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Министрлер кабинетинин башчысы шарап жана арак продукциясын куюучу аппараттык цехти кыдырып чыгып, алкоголдук продукцияларды сактоонун шарттары жана технологиясы менен таанышты.


Маалым болгондой, бүгүнкү күндө комбинатта 35ке жакын кызматкер эмгектенет. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу пландаштырылууда, анда жумушчу орундарынын саны 100 адамга чейин көбөйөт.


Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, алкоголдук продукцияны өндүрүүдө кластердик механизмди колдонуу зарыл, мында ата мекендик өндүрүштөгү чийки зат жана ага тийиштүү продукция пайдаланылат.


Ал белгилегендей, мамлекет салыктарды так төлөп, элди иш менен камсыз кылып жаткан кичи жана орто бизнести колдоого алат.


«Министрлер кабинетинин негизги максаты – бизнести көмүскөдөн алып чыгып, контрабанданы толугу менен жок кылуу. Күч-аракетибизди бириктирүү менен гана коюлган максатыбызга жете алабыз», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн