Кыргызстанда 200 миң бай адам жашайт. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
"Кыргызстанда 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жоктогуларга түз жардам берет. 200 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү, 200 миңдей майып жана жетим-жесирлерди багып алабыз. Ошондо өкмөт бир миллион элди багууну мойнуна алат. Калган орто катмар бирдиктүү салык, байлар өзүнчө тариф менен кымбатыраак төлөйт",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн