Бугу 08, 2024
Убакыт: 11:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда пенсиялык саясат өзгөрөт

23.11.2023 13:42
383
Акылбек Жапаров: Кыргызстанда пенсиялык саясат өзгөрөт


Кыргызстанда пенсиялык саясат өзгөрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекетке тиешелүү чегерүүлөрдү жасабай жүргөн жарандарга мындан ары жөлөкпул гана берилет.

Ал социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, соцкоргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар 2 жылда үч этап менен көтөрүлгөндүгүн эске салды.

"Мындан тышкар, президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада, 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшырып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, бул максатта 2 млрд сом каралды", - деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пенсия орточо 38%га көтөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн