Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 18:31
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын экономикалык ландшафтын түзүүдө Соода-өнөр жай палатасы негизги ролду ойнойт

25.10.2024 14:47
20
Акылбек Жапаров: Кыргызстандын экономикалык ландшафтын түзүүдө Соода-өнөр жай палатасы негизги ролду ойнойт


Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандын экономикалык ландшафтын түзүүдө негизги ролду ойнойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Минкаб төрагасы маараке менен куттуктап, экономиканы өнүктүрүүдө жана ишкерлерди колдоодо Соода-өнөр жай палатасынын маанилүү миссиясын белгиледи.

“Мен бул маанилүү институттун атын – “соода”, “өнөр жай” жана “палата” деп үч бөлүккө бөлүү менен, анын терең маанисине көңүл бургум келет. Бул үч элемент бир механизмди түзөт. Соода өсүштү камсыз кылуу жана рыноктун суроо-талабын канааттандыруу үчүн сапаттуу өндүрүлгөн товарларга муктаж. Өнөр жай өз кезегинде өндүрүштү кеңейтүү жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн өнүккөн соода тармактарын жана жаңы рынокторду талап кылат. Ал эми палата соода менен өнөр жайдын кызыкчылыктарын байланыштырган, алардын өз ара аракеттенүүсүн колдогон жана жалпы экономиканын өсүшүнө салым кошкон координациялык борбордун ролун ойнойт”, - деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы өлкө экономикасынын тез өзгөрүшүн жана өсүүсүн белгилеп, өткөн жылы өлкөнүн ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашканын, ИДПнын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7,5% түзгөнүн белгиледи. Өлкөнүн бюджети 2,5 – 3 эсеге өскөнүн, быйыл 100дөн ашык өнөр жай объектилери ишке киргенин белгиледи. Ал ошондой эле Министрлер Кабинети жакырчылыкты кыскартуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Эгерде 2022-жылы 111 миңге жакын өтө жакыр үй-бүлө болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө азайган. Үч жылдын ичинде 13 миңден ашык үй-бүлө социалдык келишим менен камсыз болгон.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жакынкы келечекте экономикалык өсүштүн жана кызматташтыктын күчтүү куралы болуп, өлкөбүзгө олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берерине ишенимин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасынын жана бизнестин өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына байланыштуу министрлер кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн