Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:46
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат

17.07.2024 11:43
247
Акылбек Жапаров: Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынына катышты.

“Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги “жолборс секирик” деп аталса, “илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, биринчи космикалык ылдамдыгынан экинчи космикалык ылдамдыгына өтүү керек. Президент Садыр Жапаров илбирсти өлкөбүздүн улуттук символу деп тааныган жарлык чыгаргандан кийин илбирстин секирүүсүндөй ийгиликтерге жетишибиз керек. Биздин азыркы экономикалык абалыбызды жакшы баалоого болот. Буга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин пикири далил, эгерде Кыргызстан мурда уктап жаткан сулуу болсо, азыр күлүк атты элестетет”, - деди ал.

Минкаб төрагасы өз сөзүндө экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат – 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзсө, 2024-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүш темпи 8,8%га чейин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 8,1%ды түздү, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9%, ИДП 559 млрд сомду түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн