Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы жаңы багытка бет аларын билдирди

24.03.2022 13:57
417
Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы жаңы багытка бет аларын билдирди

Кыргызстандын экономикасы мындан ары Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


"Биздин экономиканын өсүшүнө бут тосуп жаткан тоскоолдуктарды алып салып, башкача жол менен алдыга жылабыз. Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алабыз. Өлкө рыногунун көлөмүн кеңейтебиз. Энергетиканын жаңы кубаттуулугун киргизебиз", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал кайсы бир жылдары өлкө экономикасынын өсүшү 18 пайызга жетип, завод, фабрикалар курулуп, Токтогул ГЭСи жана башка стратегиялык объектилер салынганын айтты. Алар муну менен кийинки муунга жаратмандык эстелигин тургузуп кетишкенин белгиледи.

"Бизге да жаңыны жаратуу, куруу убактысы келди. Анүчүн мамлекет башчысынын саясий эрки, профессионалдуу командасы бар", — деди Жапаров.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн